Аламүдүн райондук ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже топтору үчүн

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

-Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

— Компьютер жана мобилдик түзүлүштөр менен  компьютерде жана социалдык тармактарда, оргтехника менен иштей билүүсү;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын колдоно билүүсү;

Административдик кызматтардын улук топтору үчүн (У-Б)

  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • Ветеринария багыты боюнча “айыл чарба жаатындагы жогорку кесиптик билим.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  • “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзамы;
  • Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзамы;
  • “Жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  29-январындагы “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы “ Ишкердик иш- аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” №108 токтому;
  • Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.

Жөндөмдүүлүк:

  • ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

  • ишкердик жазуу көндүмдөрү;
  • белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • Иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;
  • компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

Административдик кызматтардын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • Ветеринария багыты боюнча “айыл чарба жаатындагы жогорку кесиптик билим.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Иш стажына талаптар коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  • “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзамы;
  • “Жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  29-январындагы “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;
  • Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” Жобо.

Жөндөмдүүлүк:

  • ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

Көндүмдөр:

  • ишкердик жазуу көндүмдөрү;
  • белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • Иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;
  • компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

Жетектөөчү адис

Административдик кызматтардын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • Эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары, табигый илимдер, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, техникалык илимдер, техносфералык коопсуздук, жаратылыш жайгашуусу жана гидрометеорология боюнча жогорку кесиптик билим.
  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Иш стажына талаптар коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

  • “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө ПЖ №24 Жарлыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ПЖ №25 Жарлыгы;

Жөндөмдүүлүк:

  • коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • конфиликттик кырдаалдарды жөнгө салуу.

Көндүмдөр:

  • ишкердик жазуу көндүмдөрү;
  • белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.
  • Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
  • -жеке арыз;
    -түстүү сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы (3х4);
    -паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы сынакка катышууда, ошондой эле тестирлөө баскычында көрсөтүлөт).
    -талап кылынган кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын ырастоочу документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, нотариус же персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн же иштеген жеринен);
    -өмүр баяны;
    Документтер комплекти менен (скоросшивательге) толук берилиши керек. Толук эмес жана талаптарга жооп бербеген документтер жана маалыматтар кабыл алынбайт.

Конкурска катышуу үчүн документтер 17:00 чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күнгө чейин (19-сентябрьдан 2-октябрына чейин) Аламүдүн райондук ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: 720046, Бишкек ш., Кайназарова көчөсү №30, телефон: 0312-35-58-96, 0708-83-74-20.

Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана келүү, турак жайды жалдоо, жашап туруу, байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт.

Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт