Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтү, улук жана кенже топтогу админстративдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрдык резервине кабыл алуу боюнча ачык конкурс жарыялайт.

А.Сыдыков айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
• тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана гидромерология, архитехтуцра жана курулуш , токой ресурстарын кайталап ондуруу жана кайра иштетуу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетуу багытындагы);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
– иш стажына талап коюлбайт
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
• төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Суу кодексин”;
Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы;
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому билүүсү зарыл.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
• билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

А.Сыдыков айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
• тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
• төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодекси”;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдары билүүсү зарыл.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
• билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышууну каалаган катышуучулар мамлекеттик «е-Kyzmat» порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат:
1. Жеке билдирүү
2. Сүрөтү менен жеке баракча
3. Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде берилет)
4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү , кесиптик билим алууга, квалификациясын жогорулатууга, окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин, көчурмөлөрү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн) иштеген жеринен берилген сунуштар, эгер бар болсо резюме.
Конкурска катышуу үчүн бардык каалоочулар документтерди 2025-жылдын 11 декабрынан 30
декабрына чейинки мөөнөттө саат 17:00 гө чейин тапшырышы керек.
Төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек:
Чүй облусу Аламүдун району Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтү,Виноградное айылы Токтогул көчөсү №13.