Достук айыл өкмөтү улуг топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрдык резервине кабыл алуу боюнча ачык конкурс жарыялайт.
Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу, агрардык өнүктүрүү жана муниципалдык мүлктөр боюнча башкы адиси (У-Б)
– 1 штаттык бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, агрохимия жана агротаануу, юриспруденция техникалык инженерия багыттары боюнча жогорку билим;
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү.
4) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды.
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу кодексин.
3. “Кыргыз Республикасынын Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамын.
4. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын.
5. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын.
—  кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
билгичтиги:
—  маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Айыл өкмөттүн башкы адис — юрист (У-Б) – 1 штаттык бирдик
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку юридикалык билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды.
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин.
2. Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексин.
3. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын.
4. Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” мыйзамын.
5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын.
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
1. Жеке билдирүү
2. Сүрөтү менен жеке баракча
3. Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде берилет)
4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билим алууга, квалификациясын жогорулатууга, окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн), иштеген жеринен берилген сунуштар. Эгер бар болсо резюме.
Конкурска катышуу үчүн бардык каалоочулар документтерди 2025- жылдын 17-июнуна 30-июнуна чейинки мөөнөттө саат 17-00 чейин тапшырышы керек.
Төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек:
Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү, 285, Достук айыл өкмөтүнүн имараты. Тел: 0312 414574.

Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар конкурска катышуу үчүн чакырылат, байланыш телефондорун көрсөтүү зарыл. Кабыл алынган документтер кайтарылып берилбейт.