Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ Кадрлар резерви – мамлекеттик жарандык кызматтын кенже жана улук административдик кызмат орундарына ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: УЛУК КЫЗМАТ ОРДУ ( 2 штаттык бирдик) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билими: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактары. Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” ; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзам; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзам; Кыргыз Республикасынын “Жөлөк пулдар жөнүндө Мыйзам; Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзам. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзам; КЕНЖЕ КЫЗМАТ ОРДУ (2 штаттык бирдик) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Медициналык, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактары. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасыны “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзам; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзам; Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзам; Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзам; КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган өзүнүн арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү; Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт. Дареги: Ала-Бука айылы, С.Ибраимов көчөсү № 37, 3 кабат, 40-кабинет, байланыш телефону (03741) 5-07-86. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы