Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык
КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ
Кадрлар резерви — мамлекеттик жарандык кызматтын улук тобунун укук тартиби, коопсуздук жана коргонуу боюнча башкы адиси-юрист кызмат ордунун кадрлар резервине
ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
- Мамлекеттик жарандык кызматтын улук тобунун укук тартиби, коопсуздук жана коргонуу боюнча башкы адиси-юрист кызмат орду ( 1 штаттык бирдик)
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим – Юриспруденция, Укук коргоо иши.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Улуттук коопсуздук жөнүндө” Мыйзамы.
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:
- Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган өзүнүн арызы;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү;
Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт.
Дареги: Ала-Бука айылы, С.Ибраимов көчөсү № 37, 3 кабат, 40-кабинет, байланыш телефону (03741) 5-01 02.