Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобунуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Улук кызмат орду (3 штаттык бирдик) административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик / муниципалдык кызматта эмгек стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик билим деңгээли: жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юрспруденция, экономика, менеджмент, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, табият таануу илимдери, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, саламаттыкты актоо тармактарында, архитектура жана курулуш, электротехника, радиотехника жана байланыш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология тармактары. Кесиптик компетенттүүлүгү: Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ”; Кыргыз Республикасынын“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жөлөк пулдар жөнүндө”Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө” № 233 токтому; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабры № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгы; Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Шааркуруу жана архитектура жөнүндө“Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын“Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамы. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; -электрондук документ жүгүртүү системасында (СЭД) толук кандуу иш алып баруу. – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган өзүнүн арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү; Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт. Документтер электроондук түрдө kyzmat.gov.kg порталынан жеке кабинеттен кабыл алынат. Документтерди биринчи жолу жеке кабинеттен киргизүүчүлөр үчүн YouTube платформасындагы @E-kyzmat каналында 2025-жылдын 7-октябрында киргизилген видеодон көрсөңүздөр болот. Жазуулар боюнча багыттоо Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү