Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ Кадрлар резерви – мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын кенже тобунун юрист-адис кызмат ордуна КЕНЖЕ ТОБУНУН ЮРИСТ-АДИС КЫЗМАТ ОРДУ ( 1 штаттык бирдик) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билими: Юриспруденция Иш стажы жана тажрыйбасы: – Иш стажына талап коюлбайт; Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзам; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ: Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган өзүнүн арызы; резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү; Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт. Дареги: Ала-Бука айылы, С.Ибраимов көчөсү № 37, 3 кабат, 40-кабинет, байланыш телефону (03741) 5-00 92 +996 995 00 39 44 Жазуулар боюнча багыттоо Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы Токтогул райондук ветеринардык башкармалыгы