Кыргыз Республикасынын Президентинин №22 Жарлыгына ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин ишине комплекстүү баалоо агенттик тараптан жүргүзүлдү. Баалоонун негизги максаты — «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу, башкаруу сапатын жогорулатуу, кадрдык иштин натыйжалуулугун баалоо жана аткаруу дисциплинасын чыңдоо болду. 2025-жылы жалпы 86 аппарат жетекчи баалоого тийиштүү болгон. Алардын ичинен: 64 аппарат жетекчи баалоодон өттү; 22 аппарат жетекчи кызмат ордунда 6 айдан аз иштегендигине байланыштуу баалоодон өткөрүлгөн жок. Баалоонун жыйынтыгында 44 аппарат жетекчи “жакшы” деген баа алса, 19 аппарат жетекчи “канааттандырарлык” деген баа алды. Ал эми 1 аппарат жетекчи “канааттандырарлык эмес” деген баа алды. “Жакшы” деген баа алган алдыңкы органдар: Кыргыз Республикасынын Жогорку соту; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы; Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация; Кочкор райондук мамлекеттик администрация; Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту; Кочкор-Ата шаардык мэриясы; Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрация; Ош шаардык мэриясы; “Канааттандырарлык” баа алган алдыңкы органдар Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация; Манас райондук мамлекеттик администрация( Ноокат райондук мамлекеттик администрация( Араван райондук мамлекеттик администрация; Кадамжай райондук мамлекеттик администрация; Айдаркен шаардык мэриясы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү; Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация; Чүй райондук мамлекеттик администрация; Раззаков шаардык мэриясы; Бул органдарда иштин негизги талаптары аткарылганы менен, айрым башкаруучулук жана уюштуруучулук процесстерди өркүндөтүү сунушталды. “Канааттандырарлык эмес” деген баа Майлуу-Суу шаардык мэриясы аппаратынын жетекчисине берилди. Тиешелүү сунуштар иштелип чыгып, кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду. Аппарат жетекчилеринин ишин баалоо — мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү механизм. Ал ачык-айкындыкты камсыз кылууга, жоопкерчиликти күчөтүүгө жана башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт . Жазуулар боюнча багыттоо КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТҮРКИЯ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БАШКАРУУ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАШТЫ