Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтү улук, кенже топтогу административдик муниципалдык бош кызмат орундарына резервге киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:
Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
- Кесиптик билимдин деңгээли: : экономика жана башкаруу,айыл чарба, архитектура, жол жана курулуш, табият таануу илимдери, энергетика жана электроэнергетика, саламаттыкты сактоо, гуманитардык, педагогикалык, социалдык багыттардагы жогорку билим.
- Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар
- Кесиптик билимдин деңгээли: кенже кызмат орундары- муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку же болбосо орто кесиптик билим (гуманитардык, экономика жана башкаруу)
- Иш стажына жана тажрыйбасына талап коюлбайт.
Талап кылынуучу документтер:
Жеке арызы, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны(соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) резюме, сүрөтү;
-паспорттун көчүрмөсү;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди кабыл алуу жарыя ММК да чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Гүлбаар айылы С.Эшматов көчөсү №78 үй.
Кошумча маалыматтар үчүн байланыш телефондору: 0771 29 01 48, 0778 05 49 23,
0771 37 77 73