(У-Б) Улук административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү

квалификациялык талаптар коюлат:

  1. 1. Кесиптик билимдин деңгээли:- тийиштүү багыттагы жогорку билим юриспруденция

багытында.

  1. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: -Улук кызмат орундарындагы мамлекеттик жана

муниципалдык кызмат стажы 1 жылдан кем эмес, же адистиги боюнча стажы 3 жылдан кем

эмес.

Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы

мыйзамдарды:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы;

3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен

бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү

нускама.кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана

расмий тилдерди билүү;

1) “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

2021-жылдын 15-ноябрындагы № 133 Конституциялык Мыйзамы

2)

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 135 “Кыргыз

Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Мыйзамы

3) “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-июнундагы № 37 Конституциялык Мыйзамы

4) Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 31-октябрындагы No 173 «Кыргыз

Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамы

5) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 149 “Аскердик абал

жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы No 142

«Муниципалдык менчик объектилерин ижарага алуу келишимин электрондук форматта

түзүү укугуна аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО»

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү

башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы No 291 токтомуна ылайык)

– билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

– Көндүмдөрү: Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

Түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды

жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин

стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу

жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу,

иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо, системалаштыруу

жана жалпылоо;

-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

Натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди,

жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана

расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды

колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

– Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган арызы;

– Кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян;

– 3х4 өлчөмдө 4 даана түстүү сүрөт;

– Паспорттун көчүрмөсү (оргиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

– Жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү (көчүрмө нотариус тарабынан

күбөлөндүрүлгөн)

– Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн)

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10

жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Конкурс өтүүчү дареги: Ат-Башы району, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү.

М.Өмүракунов көчөсү №85. Тел: 0(701) 162929,

wpChatIcon
wpChatIcon