Башкы кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  8. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  9. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  11. «Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 

Башкы кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;
  2. Кыргыз Республикасынын “Суу кодекси”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
  4. Кыргыз Республикасынын “Салык кодекси”;
  5. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кодекси”;
  6. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси»;
  7. Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;
  8. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө” Мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;
  12. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы.

 

Улук кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  7. «Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 

Улук кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
  2. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»,                                                        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын;
  4. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексин;
  5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”;
  6. Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”;
  7. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө»
  8. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 

Кенже кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  4. «Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

 

Кенже кызмат орундары үчүн предметтик мыйзамдар:

  1. «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  2. КР Үй-бүлөө кодекси, КР Балдар кодекси, КР “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ” Мыйзамы, КРӨнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы №823-токтому менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобосу, КР “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө” Мыйзамы, КР Салык кодекси, КР Бюджеттик кодекси,  КР “Бейсалымдык жыйымдар жөнүндө” Мыйзамы, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы, КР “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергикликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы,  КР “Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жана  альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө” Мыйзамы, КР Жер кодекси, КР Турак-жай кодекси, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы.

 

Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:

 

  1. БАШКЫ КЫЗМАТ ОРДУ (3 штаттык бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл-чарба, гуманитардык, саламаттыкты сактоо, социалдык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактары.

 

 Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

 

  1. УЛУК КЫЗМАТ ОРДУ (3 штаттык бирдик).

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билими: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, юриспруденция, экономика, айыл-чарба, гуманитардык, саламаттыкты сактоо, социалдык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактары.

 

   Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 беш жылдан кем эмес иш стажы;

 

  1. КЕНЖЕ КЫЗМАТ ОРДУ (4 штаттык бирдик).

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билими: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, юриспруденция, экономика, айыл-чарба, гуманитардык, саламаттыкты сактоо, социалдык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактары.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАПШЫРЫЛАТ:

  • Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү;

 

Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 27-августунан 9-сентябрына чейин жүргүзүлөт.

Дареги: Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, М.Өмүракунов көчөсү №133 (Ат-Башы  райондук мамлекеттик администрациясы, 3-кабат, 13-кабинет).