Ачык эшик Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси Э.Мокешова тарабынан 2024-жылдын 31-майында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү. Бүтүрүүчүлөргө презентация сунушталды жана көптөгөн суроолорго толук кандуу жооп берилди. Иш-чарага К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика факультетинин деканы Эркинбаев Максат Токтобекович катышты. Жазуулар боюнча багыттоо Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери психологикалык тестирлөөдөн өтүшүүдө Агенттиктин директору К.Базарбаев KOICA өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Джи Юнгын мырза жана Гуд Нейборс Интернешнл уюмунун аймактык директору Чо Сунхен мырза менен жолугушту