Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 62 Жарлыгы менен бекитилген, 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик программасынын алкагында аялдардын лидерлигин колдоо жана жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер аялдар менен жолугушуу 2024-жылдын 10-октябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын маданият үйүндө өткөрүлдү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы Ыбышова Г.Т. 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын жана 2024-2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы тууралуу слайд менен баяндап берди.
Ошондой эле, «ДИА» коомдук фондунун директору, гендер маселеси боюнча эксперт Ормонова А.Ч. аялдардын лидерлигин колдоо, жардам көрсөтүү, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер аялдарды активдештирүү боюнча кенен түшүндүрмө берип өттү.
Жыйынга Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү катышып, шайлоонун астындагы аял талапкерлерге шайлоонун өтүүсү тууралуу баяндама берилип, жалпы саны 75 адам катышты. Жолугушуу кызыктуу суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучулар 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча кеңири маалымат алышты.