1. I. Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча

2).Иш стажы жана тажрыйбасы:  -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3). Жалпы мыйзамдар.

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
  3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
  9. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

4). Предметтик мыйзамдар.

  1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө;
  5. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  6. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси.
  7. II. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1).Кесиптик билимдин деңгээли: –жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча

2).Иш стажы жана тажрыйбасы:  -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3). Жалпы мыйзамдар.

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

4). Предметтик мыйзамдар.

  1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө;
  5. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  6. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси.

 III. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).

Талапкерлер  төмөнкү  документтерди алып келүүсү зарыл:

-өздүк арыз;

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)

-кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы;

-сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ;

-билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган);

-эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

-жарандык  паспорт (көчүрмөсү);

-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Кара-Дөбө айылы, А.Ишматов көчөсү -12.

wpChatIcon
wpChatIcon