Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт
- Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1)Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин бекитүү жөнүндө” ПЖ № 171 Жарлыгы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому.
Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмдөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
- Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
-Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
-“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
-“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
-“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
-“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
-“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамдары.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому.
— Билгичтиги:
-жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-көйгөйлөрдү талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
- Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө Мыйзамдары.
—Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому.
Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада менен иштөө;
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
– жеке арыз;
– өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– сүрөтү менен резюме ( телефон номери жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
-талапкердин жеке маалымттарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №759 токтому менен белгиленген форма боюнча).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Арыз берүүнүн мөөнөтү 2024-жылдын 1-июлунан баштап 10-июлуна чейин.
Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170. (Персонал менен иштөө бөлүмү) иш күндөрү саат 08:30 дан 17:30га чейин дүйшөмбүдөн жумага чейин тапшыра алышат, сурап билүү тел: 03736 5-01-40, 5-00-10.
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.