Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарынын башкы тобун ээлөөгө;

Кесиптик билимдин деңгээли:

 жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

 мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес.

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;

Кесиптик билимдин деңгээли:

 жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

 мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө.

кесиптик билимдин деңгээли:

 жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

 иш стажы жана тажрыйбасы:

 иш стажына талаптарды койбостон;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен, 3х4 сүрөт), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамы (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү;

 

Документ тапшыруу үчүн төмөнкү дареке кайрылыныздар Жалал-Абад областы  Базар-Коргон шаары  К.Култаев  көчөсү №2. Базар-Коргонрайондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы

тел.(03736)5-00-40, моб 0220-29-74-05  Эл.адрес: bazarkorgon.rusr@mail.ru Документтер 2025-жылдын   24-апрелден баштап 16-май айына чейин кабыл алынат