Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын

Бакай-Ата   райондук ветеринардык  башкармалыгы

 

улук жана кенже ( инспектор) мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын

улук топтору үчүн (ветеринар)

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” №108 токтому;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.

 

Жөндөмдүүлүк:

— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— коюлган милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

— ишкердик жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

 

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын

кенже топтору үчүн (ветеринар)

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

— ветеринария багыты боюнча «айыл чарба» жаатындагы жогорку кесиптик билим.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билим:

— “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” №56 токтому;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” №98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жөнүндө” жобо.

 

Жөндөмдүүлүк:

— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөр:

— ишкердик жазуу көндүмдөрү;

— белгилүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;

— иштиктүү баарлашуу жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү ыкмаларын билүү;

— компьютердик жана башка оргтехниканы, ошондой эле зарыл программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу көндүмдөрү.

 

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • жеке арызы;
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
  • резюме (электрондук почтасын көрсөтүү менен);
  • өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экенин көрсөтүү менен);
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • соттуулугу тууралуу маалымкат;
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
  • окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).

 

Конкурска катышуу үчүн документтер саат 17:00гө чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин (4-сентябрдан  14-сентябрга чейин) Бакай-Ата  райондук ветеринардык башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: 723800, Талас облусу, Бакай-Ата  району, Бакай-Ата айылы, Шапак көчөсү №75 телефон: (03457) 3-23-08. моб. 0706 505008.

 

Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана келүү, турак жайды жалдоо, жашап туруу, байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт.