Бакай- Ата районунун  Ак-Дөбө  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик     

 жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобун (Жооптуу катчы)

-административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ( Каржы экономика бөлүмүнүн башчысы, Жер турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адис.) ээлөөгө;

— административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ( Социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адис, Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис, Киреше боюнча жетектөөчү адис, Киреше боюнча адис, Иш кагаздарын алып баруу боюнча адис багыты боюнча) ээлөөгө.

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

  1. Жооптуу катчы Башкы кызмат (Г-Б) 1 орун;

Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку кесиптик билим.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы
    ПЖ № 308 Жарлыгыменен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтому;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25

Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдаы үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө

үчүн мамлекеттик кызматынын жана муниципалдык кызаматынын стажын эсептөө

тартиби жөнүндө” жобосун.

  • адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана

расмий тилдерди билүү.

          

  1. Каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Улук кызмат (С-А) 1 орун;

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

—  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарын;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25

Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдаы үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө

үчүн мамлекеттик кызматынын жана муниципалдык кызаматынын стажын эсептөө

тартиби жөнүндө” жобосун.

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана

расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

  1. Жер турак-жай, коммуналдык маселелер боюнча башкы адис.

Улук кызмат (С-Б) 1 орун;

-Жогорку  кесиптик билим.

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндо” мыйзамыын
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

4.Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис. Кенже кызмат (М-А) 1-орун

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

 

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жамааттар (коомдор) жана анын бирикмелери жөнүндө” мыйзамын;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

5.Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис

Кенже кызмат (М-А)

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Экономика жана башкаруу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттагы жогорку жэ болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

—  иш стажына талаптар коюлбайт;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндо” мыйзамын
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана

расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

6.Киреше боюнча жетектөөчү  адис. Кенже кызмат (М-А) 1-орун

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндо” мыйзамын
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

7.Киреше боюнча  адис. Кенже кызмат (М-Б) 1-орун

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»

мыйзамын;

  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндо” мыйзамын
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

8.Иш  кагаздарын  алып  баруу боюнча  адис. Кенже кызмат (М-Б) 1-орун

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку  же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

—  Иш стажына талаптар коюлбайт

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 8-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Бакай-Ата району, Ак-Дөбө айылы,  Айдар  көчөсү №85

Ак-Дөбө  айыл өкмөтүнүн имараты, Тел.0707779870