Бакай- Ата районунун  Биримдик  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде улук  кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  • Соттуулугу жок;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

Негизги:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
    3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • ”Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

-Айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис (У-Б)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

        —тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, юридикалык, гуманитардык жана  айыл чарба илимдери,  геодезия жана жерге жайгаштыруу,  автоматташтыруу жана башкаруу,  архитехтура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү,  геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы);

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы  стажы же болбосо тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

   төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы”;

-Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын “Мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Жер кодексин”;

-Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө”  Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө » Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

 

 

 

 

-Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын19-июнундагы №386 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу өкмөтүнүн токтому;

-Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомун билүүсү зарыл.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

-компьютердик сабаттуулук жана керектуу программалык продуктыларды билуу (Word,Exsel, Санарип, СЕД, маалыматтык укуктук системасы)

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

—  жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын, сүрөтүн 2шт (3х4);                                                    -паспорттун көчүрмөсүн,                                                                                                                              -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);                                                                                                   -нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо)                                                               — нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин  көчүрмөсү (иш стажы болсо)                                                                                                                -документтин көчүрмөлөрүн жана окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук  наамды ыйгаруу (бар болсо)                                                                                                                       Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди birimdik-ao.gov.kg сайтка   чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде саат 8-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Бакай-Ата району, Ак-Дөбө  айылы,  Айдар  көчөсү б/н, Биримдик айыл өкмөтүнүн имараты, Моб. 0705 94 80 80, 0701 34 34 59;

Кошумча маалымат алуу үчүн Квалификациялык талаптарды кененирээк MKK.gov.kg сайтынан караңыздар.