Бакай- Ата районунун  Биримдик  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Бакай-Ата районунун Биримдик айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна (жер маселелери багыты боюнча)Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;2) 18 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

1) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (Жер, турак жай, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис) үчүн:  Экономика жана башкаруу, табият таануу илимдери, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багыттарындагы жана юриспруденция кесиби боюнча жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; – негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

7.Кыргыз Республикасынын “Электорндук башкаруу жөнүндө” 2017-жылдын 19-июлу № 127 Мыйзамы.

предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

-Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жөнүндө” Мыйзамдары;

-Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө”  Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө » Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

 

 

 

 

– Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын19-июнундагы №386 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу өкмөтүнүн токтому;

– Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомун билүүсү зарыл.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

 

– билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Бакай-Ата району, Ак-Дөбө  айылы,  Айдар  көчөсү б/н, Биримдик айыл өкмөтүнүн имараты, Моб. 0705 94 80 80, 0701 34 34 59;

 

Кошумча маалымат алуу үчүн Квалификациялык талаптарды кененирээк mkk.gov.kg сайтынан караңыздар.