Бакай- Ата районунун Биримдик айыл өкмөтү «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт Бакай-Ата районунун Биримдик айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт: –муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна; Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга; 2) 18 жаштан жаш болбоого; 3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө; Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: – негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 7.Кыргыз Республикасынын “Электорндук башкаруу жөнүндө” 2017-жылдын 19-июлу № 127 Мыйзамы. 1) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (жер, турак жай, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адис) үчүн: – Экономика жана башкаруу, табият таануу илимдери, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багыттарындагы жана юриспруденция кесиби боюнча жогорку билим; – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; – предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: -Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: -Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын; -Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жөнүндө” Мыйзамдары; -Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө » Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы №306 «Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү Айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; – Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын19-июнундагы №386 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу өкмөтүнүн токтому; – Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомун билүүсү зарыл. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; 2) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы) 1.Кесиптик билимдин деңгээли: -Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим; 2.Стажы жана иш тажрыйбасы: -мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; – предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: -Кыргыз Республикасынын Салык кодексин; – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин; -Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын; -Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарын; -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун; -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; 3) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар, коррупция, укук бузуулар ишин жүргүзүү боюнча башкы адис) 1.Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим (баардык багыттагы); 2.Стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; – предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: -Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: -Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндөгү Конституциялык мыйзамы”; -Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын; -Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын сатусу жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө” Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому; -Айматарды топторго, уюмдарды-Жарандык коргонуубоюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жонундө” токтому; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун; -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. – билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; 4) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (Социалдык маселелер боюнча башкы адис) Кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку билим (тейлоо сферасы, маданият жана искуство, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим беруу, табият таануу илимдери) 2.Стажы жана иш тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; – предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: -Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексин; -Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; -Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”; -Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳ”; -Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөө жөнүндө”; -Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Тандоого катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек: өзүнүн арызы; резюме (электрондук почтасын, жашаган дарегин, байланыш телефондорун көрсөтүү менен); өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; Акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; –“Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат; -Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер “e-Kyzmat” мамлекеттик вакансиялар порталы аркылуу https://kyzmat.gov.kg/ онлайн түрүндө өтүнмө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 16-февраль күнүнөн кечиктирбей онлайн түрүндө өтүнмө берүү зарыл. Онлайн түрүндө өтүнмө берүү жол-жобосу боюнча видеонускама менен танышуу сунушталат. Видеонускама төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: Жазуулар боюнча багыттоо Манас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы