Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
– конкурстун катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык карап чыгуу;
– мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;
— маектешүү.
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна карата жалпы квалификациялык талаптар:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
– социалдык, гуманитардык жана табигый илимдер, экономика жана менеджмент, фундаменталдык информатика, маалыматтык технологиялар жана педагогика жаатындагы жогорку билим;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
2) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
-Жогорку билим;
– иш стажына талаптар жок.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
З) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар.
Предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
2) «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
2) «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— жеке арыз; кадрларды каттоо баракчасын; резюме (анын ичинде электрондук почта); автобиография (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).
Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү: сынак жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде. Толтурулган документтер кагаз түрүндө Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына С.Орозбаев көчөсү 3 дареги боюнча саат 8:30дан 17:30га чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн (03944) 5-00-34 телефону аркылуу кайрылыңыз.