Улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар төмөндөгүдөй: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тиешелүү адистик (багыттар) боюнча жогорку билим: гуманитардык, юридикалык, социалдык илимдердеги багыттар боюнча. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү керек. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: – Негизги мыйзам актыларын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”. Предметтик төмөндөгү мыйзамдарды билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Балдар кодекси, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттыкты сактоо”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Үй –бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө”, “Социалдык фонд жөнүндө”, “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө Мыйзамдарын билүүсү зарыл. Кенже кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү адистик багыттагы жогорку же орто кесиптик билим. 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Негизги мыйзам актылары: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын; Ошондой эле тиешелүү тармактагы предметтик мыйзамдарды:: “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламатты сактоо”, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билимс берүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөдөгү зомбулуктан чоциалдык-укуктук коргоо жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; – билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө. – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: өзүнүн арызы; 3х4 сүрөт (2 даана) резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты тиркөө); нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү. Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, “Балыкчы” шаардык коомдук-саясий гезитине жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөндөгү дарек боюнча тапшыруу керек: Балыкчы шаары Ж. Абдрахманов көч 258 Балыкчы шаарынын мэриясынын имараты 3 кабат. №32 кабат Кошумча маалыматты тел 0394432771 жана mkk.gov.kg сайтынан маалымат алсаңыздар болот Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат. Жазуулар боюнча багыттоо Чолпон-Ата шаардык кеңеши административдик муниципалдык кенже кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ Ысык-Көл районунун Бостери айыл Өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна кадрлардын ички резервин түзүү үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ: