кенже  кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы  жогорку же орто кесиптик билим.

— иш стажысына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы» жана ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды билүү:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Транспорт жөнүндө”, “Автомобиль жолдору жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Электроэнергетика жөнүндө” , “Жамааттар анын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамдарын  билүүсү зарыл.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;командада иштөө;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  • өзүнүн арызы;
  • 3х4 сүрөт (2 даана)
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),
  • өздүк таржымал
  • соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалым катты (справка о не судимости)
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү.

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, “Балыкчы” шаардык коомдук-саясий  гезитине  жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күн ичинде төмөндөгү дарек боюнча тапшыруу керек:Балыкчы шаары Ж. Абдрахманов көч 258

Балыкчы шаарынын мэриясы 3 этаж 32-каб.

Кошумча маалыматты тел 0394432771

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.