Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү улук (У-А финансы-экономикалык жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы) административдик муниципалдык кызмат оруну үчүн муниципалдык ички кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт жана талапкерлерге төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет: Кесиптик билимдин деӊгээли: – тиешелүү багыттагы жогорку билим; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүлүгү – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл; – билгичтиги: Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаӊы шартына көнүү; – көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жанга жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук ченемдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: өзүнүн арызы; кадрларды эсепке алуу баракчасы; сүрөт (4*6) негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; эмгек китепчесинин көчүрмөсү (документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык мекеме тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек); туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; соттолбогондугу тууралуу маалымдама; паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт); Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 15-июлуна чейин (акыркы күнү саат 17-00гө чейин) Барскоон айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылсаӊыз болот (03946)26-145, 0507775578 Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Көл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат орунга кадрлар резервине киргизүү үчүн Чолпон-Ата шаардык мэриясы кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык башкы, улук, кенже кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт