Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү улук (У-А финансы-экономикалык жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы) административдик муниципалдык кызмат оруну үчүн муниципалдык ички кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт жана талапкерлерге төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

  • Кесиптик билимдин деӊгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүлүгү

төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл;

 — билгичтиги:

Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаӊы шартына көнүү;

— көндүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жанга жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук ченемдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  • өзүнүн арызы;
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  • сүрөт (4*6)
  • негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык мекеме тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек);
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • соттолбогондугу тууралуу маалымдама;
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:  2025-жылдын 2-июнуна чейин (акыркы күнү саат 17-00гө чейин) Барскоон айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылсаӊыз болот (03946)26-145, 0507775578

                                                          Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү