Баткенде кичи футбол боюнча “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогунун” облустук этабынын жеңүүчүсү аныкталды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” № 1 Жарлыгын аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кубогуна” багытталган кичи-футбол боюнча райондор арасындагы мелдеш, Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин спорттук залында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан уюштурулган кичи-футболго Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорундагы айыл өкмөт башчыларынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын төрагаларынан куралган курама командалар катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен командалар төмөнкүдөй ийгиликке жетише алышты: – 1-орун – Баткен районунун командасы; – 2-орун – Лейлек районунун командасы; – 3-орун – Кадамжай районунун командасы. Жыйынтыгында командаларга агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын дипломдору жана акчалай сыйлыктары ыйгарылды. Мелдештин жеңүүчүсү аталган Баткен районунун командасы, мелдештин республикалык этабына катышууга укук алды. Жазуулар боюнча багыттоо Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекет 108 000 000 сом бөлдү Кырыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин тапшырмасына ылайык Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Кол облустарындагы айыл башчыларга окутуу жүргүзүлдү