Баткен облусунда Агенттиктин 20 жылдыгына карата кереге кеңеш өткөрүлдү

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 20 жылдыгына жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү алгылыктуу иштер” аттуу темадагы кереге кеңеш өткөрүлдү.

Иш чаранын, жүрүшүндө Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси С.Н.Туйгунова жалпы ишмердүүлүк менен презентация аркылуу маалымат берип, мамлекеттик жана муниципалдык тармакта үзүрлүү эмгектенген кызматчыларга Агенттиктин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.

Кереге кеңешге жаш мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, студенттер жана активистер катышып, Агенттиктин ишмердүүлүгү боюнча кенен маалымат алышты. Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан сунуштар айтылып, маселелер талкууланды.