Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына  квалификациялык талаптар :

 

Кесиптик билиминин денгээли:

-жогорку билим  (Геодезия жана жерге жайгаштыруу ,Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча ,Юриспруденция,Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу ,Айыл чарба Ветеринардык,Гуманитардык,Педагогикалык,Техникалык айыл чарба багыттары боюнча )

 

Иш стажы жана тажрыйбасы :

  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Кесиптик компетенттүүлүгү :

  төмөнкүлөрдү билүүсү :

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык

кызмат жөнүндө” мыйзамы;

— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

—  “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

 

— Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”;

— “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдары

Билгичтиги:

-Жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу

-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу

-эмгектин жаны шарттарына көнүү

-иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

  Көндүмдөрү :

-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада

колдоно билүү

-Компьютердик жана уюштуруу техниканы ,керектүү  программалык

продуктыларды колдоно билүү

                                                 

 

Кенже топтогу административдик муниципалдык  кызмат   орунуна  коюулуучу квалификациялык талаптар :

 

       Кесиптик билиминин денгээли :

-жогорку билим же орто кесиптик билим  – Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика  багыттары боюнча

 

          Иш стажы жана тажрыйбасы :

-Иш стажына талап коюлбайт

 

Кесиптик компетенттүүлүгү :

         төмөнкүлөрдү билүүсү :

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык

кызмат жөнүндө” мыйзамы;

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдына башкаруу жөнүндө”

— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби  жөнүндө”

—  “Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”

— Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

  Көндүмдөрү :

-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада

колдоно билүү

-Компьютердик жана уюштуруу техниканы ,керектүү  программалык

продуктыларды колдоно билүүсү

 

                          Конкурстук  документтер :

1.Конкурстук комиссиянын төрагасына арыз

2.Кадрларды каттоо баракчасы ,өздүк делосу

3.Резюмеси

4.Өмүр баяны

5.3х4 өлчөмүндөгү эки даана сүрөт

6.Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт )

7.Нотариустан тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү

8.Нотариустан тастыкталган дипломдун көчүрмөсү

Конкурстук документтер жарыяга чыккан (жарыя берилген) күндөн баштап  10 күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн конторасында кабыл алынат .

Маалымат үчүн тел : 03622  6-04-23,  0770514663