Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы административдик кызмат орундарынын башкы жана улук топторуна кадрлардын резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыя кылат.
Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:
1. Билүүсү керек:
Төмөнкү жалпы мыйзамдарды:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
3) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
4) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
8) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
9) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
2) «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
4) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
8) «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
9) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:
Билүүсү:
Төмөнкү жалпы мыйзамдарды:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;
Төмөнкү предметтик мыйзамдарды:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
2) «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
3) «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын;
4) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7) «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
8) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин.
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн жалпы талаптар:
— Кыргыз Республикасынын жараны;
— 21 жаш куракка чыккан;
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлѳмдѳ мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
— Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл программалык өнүмдөрдө (Word, Excel, «ТОКТОМ Мамлекет Про» маалыматтык-укуктук тутум) иштей билүүсү.
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:
Маалыматтык–коммуникациялык технологиялар багыты боюнча:
— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана киберкоопсуздукту камсыздоо багыты боюнча жогорку техникалык билим.
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Билүүсү керек:
— “Электрондук башкаруу жөнүндө”, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”.
Маалымдоо-журналистика багыты боюнча:
— бардык профилдеги жогорку билим. Журналистика багыты боюнча билим артыкчылыктуу болуп саналат.
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Билүүсү керек:
— Массалык маалымат каражаттары жөнүндө Мыйзамы.
Административдик кызмат орундарынын улук үчүн квалификациялык талаптар:
Прогромирование багыты боюнча:
— Маалыматтык коммуникациялык технологиялар жана кибркоопсуздукту камсыз кылуу багыты боюнча жогорку техникалык билим.
— жыйындысы боюнча алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес стажы.
Билүүсү керек:
— CISCO жабдууларын тууралоо менен локалдык түйүндөрдү уюштуруу, VPN (IPSec, PPTP) каналдарын түзүү;
— MSWindowsServer, NIX тутумдарынын базасында серверлерди тууралоо жана колдоо;
— ActiveDirectory, почта серверлерин, веб серверлерди администрациялоо;
— MicrosoftWindows чөйрөсүндөгү пайдалануучуларга колдоо көрсөтүү;
— локалдык түйүндөрдү уюштуруу жана тууралоо;
— телефонияны уюштуруу, офистеги АТСтерди тууралоо;
— MSWindowsServer базасында серверлерди тууралоо жана колдоо;
— ОС NIX базасында серверлерди тууралоо жана колдоо;
— ActiveDirectoryни, почта серверлерин, веб серверлерди администрациялоо;
— перифериядагы жабдууларды тууралоо жана колдоо.
Ош, Баткен облустарындагы системалык администраторлор (УБ):
— бардык профилдеги жогорку билим. Маалыматтык тутумдар, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалаштыруу чѳйрѳсүндѳгү билимге артыкчылык берилет;
— жыйындысы боюнча алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес стажы.
мамлекеттик сатып алуулар багыты боюнча:
— экономика и финансы, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит боюнча жогорку билим.
— «Товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» сертификатынын болушу.
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
— “Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳ” мыйзамы
юриспруденция багыты боюнча:
— жогорку юридикалык билим.
— жыйындысы боюнча алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес иш стажы.
шайлоолорду уюштуруу багыты боюнча:
— ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим. Гуманитардык, юридикалык билими барлар артыкчылыктуу болуп саналат.
— жыйындысы боюнча алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес иш стажы.
иш кагаздар менен иштѳѳ багыты боюнча:
— ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим. Гуманитардык, юридикалык билими барлар артыкчылыктуу болуп саналат.
— жыйындысы боюнча алганда 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык стажы, же болбосо тийиштүү кесиптик чѳйрѳдѳ 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин тизмеси:
1) конкурстук комиссиянын тѳрагасынын атына өзүнүн арызы;
2) кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрѳтү;
3) зарыл кесиптик билимин ырастоочу документтер, иш стажы жана квалификациясы (эмгек китепчесинин кѳчүрмѳсү, билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын жана илимий наамын ыйгаруу жѳнүндѳ нотариус же иштеген жери боюнча кызматкерлерди башкаруу кызматы күбѳлѳндүргѳн документтердин кѳчүрмѳлөрү);
4) паспортунун кѳчүрмѳсү;
5) сунуштама кат;
6) тиркѳѳ папкасы (документтер үчүн).
Документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек шаары, Пушкин кѳчѳсү, 50, дареги боюнча № 201 бөлмөдө беш жумуш күнүн эске алуу менен 2024-жылдын 1-февралынан 10-февралын кошуп алганда саат 9.00дѳн 18.00гѳ чейин (түшкү тамактанууа тыныгуу — саат 12.30дан 13.30га чейин) кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн 62-08-27 телефону боюнча (адам ресурстарын башкаруу секторуна) кайрылса болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандардын конкурска катышуусуна жол берилбейт.