Бүгүн Баткен обулусунда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин катышуусунда “Санарип аймак” тутуму боюнча үч күндүк семинар өз ишин баштады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2022-жылдын 7-сентябрынан баштап Кыргыз Репсубликасынын Улуттук статистикалык комитети, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Баткен облусунда “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жаңы функционалдарын үйрөтүү боюнча 3 күндүк окуу иш чарасы уюштурулду. Расмий иш сапардын жүрүшүндө Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Түштүк аймактык башкармачылыктын башчысы З.Т. Тургунбаев Баткен обулустук телевидениясында түз эфирге чыгышты. Көрсөтүүнүн жүрүшүндө коомчулукка “Санарип аймак” тутумун, семинардын максатын түшүндүрүштү. Семинарга Баткен облусунун аыйл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары катышууда. Окутуунун негизги максаты “Санарип аймак” тутумунун “Чарба китеби” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын паспорту” модулдарынын жаңы фунцияларын өздөштүрүү жана практикалык түрдө үйрөтүү. Ошодой эле жооптуу катчылар Укук ченемдик актыларды жол-жоболоштуруу, тармактык мыйзамдар боюнча маалымат алышууда. Бул семинар жалпы республикалык масштабда ишке ашырылып. 2022-жылдын 7-октябрына чейин, бардык аймактардагы жооптуу катчылар катышат. Жазуулар боюнча багыттоо Тон районунун Кажы-Сай айыл ѳкмѳтү муниципалдык административдик бош кызмат орундарын ээлөөгө карата кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Агенттик тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону өткөрүүдө компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун форматы, саны, ошондой эле тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүүгө) киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын тизмеси бекитилген