Баткен  шаарынын мэриясы:  Баткен шаарынын мэриясынын  башкы,  улук  административдик    муниципалдык   кызмат   орундарынын кадрлар резервин түзүү максатында

  АЧЫК  КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

 Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

 1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим.

.        2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан  3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;                 

жогорку билимдүү, экономика жана финансы багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, инженер, энергетика багыттары боюнча.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

 Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • КР “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы.
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • КР “Кызыкчылардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”;

 Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 31-майындагы №ПЖ 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

– “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

– Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамы:

 Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим.

.        2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

жогорку билим, юриспруденция, укук таануу багытында, экономика жана финансы багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, инженер, энергетика багыттары боюнча.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамы:
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”;

          Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Административдик-аймактык түзүлүшү туралуу” мыйзам;
  • Кыргыз Республикасынын Элдик Курултай жөнүндө конституциялык мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо;
  • “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин тузүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” жобосу;

Ар бир талапкер:

– коммуникабелдүү;

– өз алдынча иштөөгө жөндөмдүү;

– кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билүү;

– компьютер менен иштөөнү билүүсү зарыл (word, excel, Internet Explorer);

Керектүү документтер:

– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баянын  резюмеси, сүрөтү;

– паспорттун көчүрмөсүн;

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү  иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Керектүү документтер 2025-жылдын  17-октябрына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары И.Жусупов көчөсү №46, Баткен шаарынын мэриясы Уюштуруу иштери жана кадрлар бөлүмү, телефон 5-09-86.

Эскертүү. Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген гана талапкерлер конкурска чакырылат.