Бишкек шаардык кеңеши Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кадрлар резервине талапкерлерди тандоо үчүн конкурс жарыялайт Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: 1) Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек; 2) 18 ден жаш эмес болушу керек; 3) кадрлар резервине кирүү үчүн мыйзамдар тарабынан бекитилген квалификациялык талаптарга жооп бериши керек. Кадрлар резервинин административдик кызмат орундарынын башкы тобуна кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: – жогорку юридикалык билим; – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы. билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы. Тийиштүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын: “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңешинин регламентин билүү; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди. Тандоого катышуу үчүн папкага (дело) тиркелген төмөнкү документтер кабыл алынат: муниципалдык кызмат орундун тобун көрсөтүү менен өздүк арыз; сүрөт менен кадр учету боюнча өздүк барак; таржымал (телефон жана электрондук дарек менен); өмүр баян (соттолгон же соттолбогондугун көрсөтүү менен); нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража, илимий наам ыйгаруу тууралуу дипломдун көчүрмөсү; нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү; паспорттун көчүрмөсү. Эскертүү: Конкурска мындан ары катышуу үчүн коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүсү зарыл. Документтер 2023-жылдын 17-ноябрынан тартып 27-ноябрын кошуп алганга чейин (дем алыш күндөрүнөн тышкары), саат 9.00дөн 18.00гө чейин (тыныгуу убактысы 12.00дон 13.00го чейин) Бишкек шаары, Чүй проспектиси 166 дареги боюнча Бишкек шаардык кеңешинде №214 кабинетинде кабыл алынат. Телефону 62-26-27. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигене караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү,божомолдоо департаменти