Бишкек шаарынын Ленин административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык ички кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча административдик муниципалдык кызматтардын төмөнкү топторуна  ачык сынак жарыялайт:

  • административдик муниципалдык кызматтын улук тобуна У-Б (башкы адистер);
  • административдик муниципалдык кызматтын кенже топторуна  К-А, К-Б  (жетектөөчү  адистер, адистер).

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга ылайык келүүсү зарыл:

  • Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жараны;
  • Сот жообуна тартылбаган;
  • Кадрлар резервине киргизүүгө мыйзамда көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга төп келген.
  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү, жана ошондой эле тийиштүү тармактагы мыйзамдар:

Улук административдик муниципалдык кызмат орундарына:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы, «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы, “Коррупцияга каршы жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.

  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү, жана ошондой эле чет тилин билүү (керек болсо).
  1. Улук топтогу (У-Б) административдик муниципалдык кызмат орундарына:

Кесиптик билиминин деңгээли:

  • жогорку кесиптик билими экономика жана финансы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, социалдык жана гуманитардык илимдер, юридикалык, пелогогикалык, эл аралык мамилелер  багытында болууга тийиш;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат тажрыйбасы кеминде бир жылдан, же адистиги боюнча иш  тажрыйбасы кеминде үч жылдан кем эмес;

Ыктуулугу:

  • маалыматтарды жалпылоо, талдоо жана чогултуу;
  • талдама иш кагаздарды даярдоо;
  • ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаны тиешелүү жаатта талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • иштин жаңы шарттарына ыңгайлашуу;
  • жогорку жактан түшкөн буйруктарды сапаттуу аткаруу;
  • кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө жөндөмдүүлүгү;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
  • башкаруу чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу;
  • компьютер, оргтехника жана программалык продуктуларды зарыл болгон деңгээлде билүү.

         Билими:

  1. Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  4. “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 Токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” Жобосу.
  7. Кенже топтордогу (К-А, К-Б) ) административдик муниципалдык кызмат орундарына:

Кесиптик билиминин деңгээли:

  • жогорку же орто кесиптик билими экономика жана финансы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,  социалдык жана гуманитардык илимдер, юридикалык, пелогогикалык, эл аралык мамилелер  багытында болууга тийиш.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • иш стажына талап жок.

Ыктуулугу:

  • маалыматтарды жалпылоо, талдоо жана чогултуу;
  • талдама иш кагаздарды даярдоо;
  • ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаны тиешелүү жаатта талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • иштин жаңы шарттарына ыңгайлашуу;
  • жогорку жактан түшкөн буйруктарды сапаттуу аткаруу;
  • кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө жөндөмдүүлүгү;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
  • башкаруу чечимдерди оперативдүү ишке ашыруу;
  • компьютер, оргтехника жана программалык продуктуларды зарыл болгон деңгээлде билүү.

         Билими:

  1. Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодекси;
  2. “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 Токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө” Жобосу.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • жеке арыз;
  • таржымал (электрондук даректи көрсөтүү менен), өмүр баян (сот жообуна тартылгандыгы же тартылбагандыгы тууралуу маалыматты камтыган);
  • негизги жана кошумча билими тууралуу документтердин көчүрмөсү, нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо), нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн;
  • илимий даража жана илимий наам ыйгарылган документтердин көчүрмөсү (эгер бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү;

Документтерди көктөмөгө (скоросшиватель) тиркеп, 2023-жылдын         23-октябрынан  тартып 1-ноябрына  чейин төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл:   Бишкек шаары, Литвинов көчөсү 2, 2-этаж, 9-иш бөлмөсү, кадр иштери боюнча башкы адис. Байланыш телефондору: (0312) 88-21-14.

Эскертме: Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер сынакка катышууга чакырылат. Байланыш телефондор жана даректер так көрсөтүлүшү зарыл.