Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:
Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын Конституциялык “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;
8.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
9.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
4.Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен география, картография жана геоинформатика, гидрометеорология, метеорология, гидрология, химия, жаратылышты колдонуу жана экология; гуманитардык илимдери анын ичинен юриспруденция; физика-матекатика илимдери анын ичинен физика, маалымат технологиялары; архитектура жана курулуш анын ичинен курулуш, гидротехникалык курулуш; айыл чарбасы анын ичинен агроинженерия.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну билүү;
-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүүнү билүү,
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөлүү кырдаалдарды өз убагында көрө билүү;
-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү билүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3. Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүүнү);
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: юриспруденция, юридикалык, укук таануу боюнча жогорку кесиптик билими.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси;
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 “Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-юриспруденция тармагындагы билими, сотто жалпы жана атайын юрисдикциялардагы, бардык инстанциялардагы иштерди жүргүзүү тажрыйбасы;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин билүүсү, аларды иш жүзүндө пайдалануу жөндөмү;
-жарандардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;
-ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу көндүмдөрү;
-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы;
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
-мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-келишимдерди жана макулдашууларды түзүү боюнча иштөө көндүмдөрү.
1.2. Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билими, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен география, жаратылышты колдонуу жана экология, метеорология, гидрология, картография жана геоинформатика, жер кыртышынын билими, гидрометеорология; физика-математика илимдери анын ичинен физика; жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын
ичинен техносфералык коопсуздук, колдонмо гидрометерология, өзгөчө кырдаалдардагы коргонуу, гидротехникалык курулуш; геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү анын ичинен тоо иштери, метериал таануу, металлургия жана машина куруу анын ичинен металлургия; маданият жана исскусство анын ичинен китепкана таануу жана документ жүргүзүү.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” , “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-кар көчкү станцияларынын түйүнүнө кураторлук жүргүзүү боюнча жетекчиге жардам берүү, аны менен биргеликте инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнү билүү,
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоону билүү;
-аналитикалык документтерди даярдоону билүү;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташууну билүү;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: табият таануу илимдери анын ичинен гидрометеорология, метеорология, гидрология, география, жаратылышты колдонуу жана экология; физика-математика илимдери анын ичинен физика, математика; техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология анын ичинен колдонмо гидрометеорология.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын,
-КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-метеорологиялык жана атмосфералык абанын булгануусун болжолдоо ыкмаларын билүү;
-атмосферанын математикалык моделдеринин жыйынтыгын талдоо;
-шаардагы абада булгоочу заттардын топтолуу деңгээлин болжолдоосун билүү;
-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программаларды колдоно билүү.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.1. Кесиптик билимдин дэңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: архитектура, курулуш, өндүрүштүк-жарандык курулуш, энергетика, электроэнергетика жана электротехника гидротехникалык курулуш, гидротехника.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы :
— иш стажына талап коюлбайт.
— Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”,“Жарандык коргонуу”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 3-нпа буйругу менен бекитилген “Кыймылсыз мүлктөрдүн курулушу жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жөнүндө”, 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-нпа буйругу менен бекитилген “Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө” жоболорун, 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” эрежелер топтомун.
3.2. Билгичтиги:
-курулушка жана оңдоо иштерине техникалык шарттарды жана уруксатты алуу;
— МАКК органдары, архитектура жана КР мамкурулушу менен иштөө;
-Кыргызгидрометтин курулуштарын жана имараттарын оңдоо иштерин өткөрүүгө финансылык ресурстарды пландоого эсептерди даярдоону уюштуруу;
-иштелип чыккан долбоордук документацияны кабыл алууга катышуу, объекттердин курулушуна жана оңдоосуна түзүлгөн сметтик ченемдерди текшерүү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик тилде эркин сүйлөө, кат алышуу жана расмий тилде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.
1.2.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу анын ичинен экономика, менеджмент, коммерция, соода иши, бизнес башкаруу, маркетинг, финансы жана кредит; гуманитардык илимдери анын ичинен юриспруденция, реклама жана коом менен байланыштар, гидрометеорология, метеорология, география, жаратылышты колдонуу жана экология, техносфералык коопсуздук.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну билүү;
-документтерди, маалыматтарды, суроо талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;
-командада иштөө.
3.3.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу.
1.3. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: англис тилин эркин сүйлөө менен гуманитардык илимдери анын ичинен эл аралык мамилелер, чыгыш таануу, лингвистика, аймак таануу, европа таануу, кытай таануу, англис тили, юриспруденция, журналистика; табият таануу илимдери анын ичинен жаратылышты колдонуу жана экология, гидрометеорология. Жогорудагы аталган адистиктер боюнча кошумча жана экинчи билими кубатталат.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1.Төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат жөнүндө жобону.
3.2. Билгичтиги:
-мамлекеттик, расмий жана чет тилдеринде (англис) сүйлөй алышын билүү;
— жазуу жана сүйлөшүү түрүндөгү англис тилин жакшы билүүсү;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну билүү;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону билүү;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштырууну билүү;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоону билүү;
-англис тилинде иштиктүү кат алышууну билүү;
-командада иштөө.
3.3.Көндүмдөрү:
-презентация ыкмаларын билүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу (инновациялык, инвестициялык);
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
-жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
-паспорттун көчүрмөсүн;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
-сунуш каттарын (мүмкүн болушунча).
Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2023-жылдын 23-октябрынан 11-ноябрына чейин жарыя чыккан күндөн тартып төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Керимбекова көч., 1, Кадрлар жана иш кагаздар бөлүмү 1-кабат, каб. 2 тел.:0312 314699, 316290.
Толук маалыматты КР ӨКМнин (www.mes.gov.kg), Гидрометеорологиялык кызматынын (www.meteo.kg) сайттарынан алса болот.