Бүгүн, атайын түзүлгөн комиссия тарабынан Регионалдык кадрлар резервине киргизүү боюнча аңгемелешүү этабы өткөрүлдү

Аталган резервдерге киргизүү 3 этапта жүргүзүлөт:

1-документтерди кабыл алуу.

2-компьютердик тест.

3-аңгемелешүү.

2023-жылдын 19-июнунда жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары-акимдин жана анын орун басарларларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн регионалдык кадрлар резервине (мындан ары- РРК) конкурс өткөрүү жарыяланган.

Жарыя  Агенттиктин сайтына жайгаштырылып, документ кабыл алуу 2023-жылдын 20-июндан 22-июнуна чейин жүргүзүлгөн.

2023-жылдын 22-июнуна (саат 18:00) карата региондук кадрлар резервиндеги бир нече кызмат орундарына конкурска катышууга 44 жарандан арыз келип түшкөн.

Компьтердик тестирлөө Агенттиктин Бишкек шаарындагы тестирлөө борборлорунда жана анын аймактык филиалдарында 2023-жылдын 25-июлунан 8-августуна чейин уюштурулду.

Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 14 адам бир нече кызмат орундарына катышуу ангемелешүү этабына өткөрүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн резердерге кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурат.

Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер жалпы комиссиянын чечими менен атайын буйруктун негизинде аталган резервдерге киргизилет жана Агенттиктин сайтына расмий жарыяланат.