Бүгүн, 2024-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктигинин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевичтин төрагалыгы алдында, Агенттиктин 2024-жылдын жарым жылдык ишмердүүлүгү боюнча коллегия болуп өттү.

Коллегиянын жүрүшүндө бир канча маселелер каралды, Агенттиктин жалпы жетишкендиктери, аткарылган иштердин жыйынтыктары жана аткарылып жаткан иштер боюнча маселелер каралып, алардын ичинен төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

  1. 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында 9 261 адам тестирлөөдөн өтүп, жылдан жылга мамлекеттик кызматка иштейм деген жарандардын саны өсүүдө, бул деген мамлекеттик кызматтын кадыр баркы, имиджинин өскөнүнөн кабар берет;
  2. Цифровизация жаатында “Санарип аймак” электрондук тутумунда 5,8 млн (83,5%) калктын жеке маалыматтары топтолуп, бүгункү күндө жарандарыбыз үйүнөн чыкпастан көптөгөн керектүү маалым каттарын түндүк системасы аркылуу ала алат, ал эми санарип аймакка катталган кожолук чарбалардын саны 1,3 млндон ашып 100%ды түзгөн;
  3. Жетекчилик кызматка бараткан талапкерлердин инсандык сапаттарын аныктоо максатында, жаңы тестирлөө ыкмасы, “мультипсихометр”ден өткөрүү боюнча, 1-этап менен ААР алкагында 51 акимдер жана мэрлер өткөн, 2- этап менен жаңы дайындалган 35 акимдер жана мэрлер өтсө, 3-этап менен 235 айыл өкмөт башчылары өттү;
  4. Эл аралык кызматташуу багытында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкрлерди чет мамлекеттерден (Япония, Кытай, Корея, Араб) өлкөлөрүнөн кыска жана узак мөөнөткө окутуу курстарын уюштуруу жана квоталардын санын көбөйтүү алкагында 257 кызматкер окутулуп, Кытай мамлекетине кыска курстан окуутуу боюнча квоталар саны 50 дөн 500 го чейин өскөн. Ал эми мамлекеттик тапшырык боюнча 3660 кызматкердин окутуусу каралса, бүгүнкү кундө 518 кызматкер окутуудан өттү;
  5. Административдик аймактык реформанын алкагында жетишкендиктер болсо, реформага чейин 8696 муниципалдык кызматкер болсо, реформадан кийин 4768 кызматкер калган, кыскартуунун натыйжасында казынадан 1 млрд сомго жакын акча каражаты үнөмдөлгөн.

Ошондой эле, жергиликтүү бийлик органдарын колдоо максатында,                                            3 методикалык колдонмо иштелип чыкты алар:

  1. Штаттан тышкары контракттык негизинде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин ишин уюштуруу боюнча усулдук колдонмо;
  2. Шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун методологиясы;
  3. Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча усулдук колдонмо;
  4. Укуктук ченемдик актылар боюнча жалпы 12 ченемдик укуктук акт иштелип чыкса, анын ичинен 3 мыйзам 1 жарлык жана 1 токтом кабыл алынган, мындан сырткары ААРдын алкагында 10 Мыйзамга жана 4 Кодекске өзгөртүүлөр киргизилген.

Коллегиянын жыйынтыгында аткарылып жаткан иштерди улантуу, Агенттиктин иш кагаздарынын сапатына, мазмунуна жана аткарүү мөөнөтүнө көңүл буруу керектиги айтылып, иш чара жыйынтыкталды.