6-декабрда Баткен шаарында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Т.Зикиров менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси, элчи А.Рогов менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи А. Рогов Баткен шаарындагы өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен таанышып, өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү катары тестирлөө борборуна компьютердик техниканын биринчи бөлүгүн тапшырды. Өз кезегинде Т.Зикиров ЕККУнун Программалык кеңсесине жана элчи А.Роговго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана тестирлөө инструменттерин өркүндөтүүдөгү колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 2022-2023 жылдарга «Жаш лидерлер» (Young Leaders’ Programm) стипендиялык программасы боюнча кандидаттарды кабыл алуу башталганын жарыялайт “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү