Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын улук, башкы жана кенже топтогу кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине талапкерлерди киргизүү үчүн конкурс жарыялайт.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
Административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны;
- Соттолбогон жаран;
- 21 жашка толгон жаран.
- Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
— жогорку билим:
— жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө беш жылдан кем эмес иш стажы.
- Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
— жогорку билим:
— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.
- Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
— жогорку билим:
— иш стажына талап коюлбайт.
Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тууралуу” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тууралуу», «Кыргыз Республикасынын укук-ченемдик актылары тууралуу», “Кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу”, “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, «Коррупцияга каршы тууралуу», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби тууралуу» Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2020-жылдын 03-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тууралуу» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 2020-жылдын 03-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасынын Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:
— жеке арыз;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгон же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 17-мартынан баштап
31-мартына чейин саат 09-00дан 18-00го чейин кабыл алынат.
Папкага тиркелген документтерди, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкү дарек боюнча тапшыруу зарыл:
Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 102 (7-кабинет, 2-кабат),
байланыш телефондору: 0557 76-88-67
(Рыскулова Суйунай Калмановна-бөлүм башчысы)