Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарынын жалпы жобосу: 1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: – Кыргыз Республикасынын жараны болууга; – 21 жаштан жаш болбоого; – мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө 2. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) Кесиптик билим деңгээли: -бакалавр же жогорку кесиптик билим: Экономика жана башкаруу, гуманитардык жана социалдык илимдер, юриспруденция 2) Стажы жана иш тажрыйбасы: – Мамлекеттик кызматтагы эмгек тажрыйбасы 1жыл же андан ашык 3. Профессионалдык компетенциялар: – Мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билүү Улук топтогу административдик мамлекеттик улук кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы – “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; – КР Өкмөтүнүн №120 Токтому менен бекитилген 03.03.2020-ж. иш- кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы; – “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы – КР “Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы (28.07.2017-ж. №163); – “Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодекси” (10.07.2012-ж, №100); – КР “Калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы (03.08.2015-ж, №124) – “ Жөлөкпулдарды жана акчалай компенсациаларды төлөө ирээти жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн Токтому (29.12.2006-ж. №823); – КР “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы (19.12.2001-ж,№111) Билгичтиги: – компьютер жана оргтехникалык менен билимдүү колдоно билүү; – нормативдик-укуктук актыларды билүү жана аларды практикада колдонуу; – командада иштей билүү; – жарандарга сылык мамиле кылуу; – кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; Конкурска катышууну каалаган талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат — https://kyzmat.gov.kg/kg. Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тиркелет: Сынакка катышууга зарыл документтер: – өздүк арыз; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү жана сүрөтү менен); – өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат менен); – билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү – нотариус аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон убакта) – нотариус аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн; – пасторттун көчүрмөсү. Документтер 2025-жылдын 20-ноябрдан 4-декабрга чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Жайыл району Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көч. 100, Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы. Тел: (03133) 4- 71-78, 4-71-46. Эскертүү: Бардык квалификациялык талаптардан өткөн конкурсанттар сынакка катышууга чакырылат. Ал эми белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Сокулук районунун Кожомкул айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт