Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси улук административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек:

 

Улук кызмат орундарынаталапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:

 

Муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
  7. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.

 

Финансы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмү (У-А) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: (Экономика жана менеджмент, бухгалтердик эсеп жана аудит багытында).

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

– Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”;

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

–  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгы.

– өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү.

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу
  • талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жүргүзүү жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • чыр-чатактарды жөнгө салуу;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
  • өз ишин жана айыл өкмөтүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • башка органдар менен, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү;
  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • адистерди башкаруу (кол алдындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана тапшырмаларды сарамжалдуу бөлүштүрүү, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын сапаттуу жеткирүү, башкаруу чечимдерин оперативдүү даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана чогулуштарды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышууларды жүргүзүү;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

Жер агрардык, жайыт жана айыл чарбасы маселелери боюнча башкы адис

(У-Б) – 1 шт.бирдик

1.Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: (Геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш,  жер таануу (почвоведение), топурак таануу, агрономия, агрохимия жана агротопурак таануу, картография, юриспруденция).

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

– Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Суу Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси;

– “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамы.

– Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Жобо.

– өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү.

 

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Социалдык маселелер боюнча башкы адис (У-Б) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: (Экономика жана менеджмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык илимдер, юриспруденция багытындагы).

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

– Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтому менен бекитилген “Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө” Жобо.

 

– өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү.

– адам ресурстарын башкаруу тармагында.

 

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Салык маселелери боюнча башкы адиси (салык, бюджет боюнча)

(У-Б) – 1 шт.бирдик

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: (Экономика жана финансы, юриспруденция багытындагы).

 

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

– Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси;

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамы.

– өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү.

 

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Уюштуруучулук-аткаруучулук тартипти көзөмөлдөө, иш кагаздарын жүргүзүү  боюнча башкы адис  (У-Б) – 1 шт.бирдик

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

– жогорку билим: (Экономика жана менеджмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык илимдер, юриспруденция багытындагы).

 

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

 

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы,

– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамы.

– өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү;

 

 

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер кабыл алынат:

 

  • Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;
  • Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (күбөлөндүрүлгөн);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги  жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин  көчүрмөсү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтерди көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • Паспорттун көчүрмөсү;
  • Өмүр баяны соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен;
  • 4*6 өлчөмүндө 2 дана сүрөт.

 

Документтер жарыя берилген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде (ишемби жана жекшембиден тышкары) саат 09:00дөн 17:30га чейин (тыныгуу 12:30-13:30) төмөнкү даректе кабыл алынат:

 

Дареги: Жалал-Абад облусу, Сузак району, Таран-Базар айылы Б.Калбаев көчөсү, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн имараты, 3-кабинет, байланыш телефон номуру: 0778-66-30-80