Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Жапония Өкмөтүнүн (MEXT: Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги) 2026–2027-жылдарга карата «Жаш лидерлер» (Young Leaders Program) аттуу бир жылдык стипендиялык программасына талапкерлерди кабыл алууну жарыялайт.

«Жаш лидерлер» программасы (YLP) Жапон Өкмөтүнүн (MEXT: Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги) стипендиялык программаларынын бири болуп саналат, ал 2001-жылы башталган. YLP Азия жана башка өлкөлөрдөгү келечектеги улуттук лидерлерди даярдоого, ошондой эле ар кандай өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди түзүүгө жана Японияны терең түшүнүүнүн негизинде улуттук лидерлердин тармагын түзүү аркылуу саясатты пландаштыруу боюнча ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө багытталган.

Бул программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын университеттеринде «Мамлекеттик башкаруу» (School of Government) жана «Медициналык башкармалыгы» (Healthcare Administration) багыттары боюнча магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул программаларга талапкерлер төмөнкү негизги квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

 

«School of Government» (Мамлекеттик башкаруу мектеби):

Жарандыгы: Кыргыз Республикасы;

Жашы: 2026-жылдын 1-октябрына карата 40 жаштан ашпаган (1986-жылдын 2-октябрынан эрте эмес төрөлгөн);

Англис тили: TOEFL-IBT сертификаты 79 балдан жогору, IELTS Academic 6.0дон жогору (окутуу англис тилинде болот);

Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иш тажрыйбасынын болушу: 2026-жылдын 1-октябрына карата 3 жылдан кем эмес (5 жылдан ашык болсо артык);

Ишмердүүлүгүнүн түрү: мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле мамлекеттик/муниципалдык мекемелерде жана ишканаларда туруктуу негизде мамлекеттик/муниципалдык кызмат (ТОП/МОП эске алынбайт);

Билим деңгээли: жогорку (адис дипломунун же бакалавр даражасынын болушу).

Окуу мөөнөтү 1 жыл: 2026-жылдын октябрь айынан 2027-жылдын сентябрь айына чейин.

«Healthcare Administration» (Медициналык башкармалыгы):

Жарандыгы: Кыргыз Республикасы; Жашы: 2026-жылдын 1-октябрына карата 40 жаштан ашпаган (1986-жылдын 2-октябрынан эрте эмес төрөлгөн);

Англис тили: TOEFL- iBT 80ден жогору, IELTS (Academic) 6.0дон жогору, (диссертацияны талкуулоо жана даярдоо үчүн англис тили керек);

Иш тажрыйбасы: 2026-жылдын 1-октябрына карата мамлекеттик сектордогу саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик мекемеде толук ставка боюнча кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы болушу керек жана арыз берген учурда жана кабыл алуучу университетке тапшыргандан кийин да ошол эле жумуш ордунда иштөөнү улантуусу зарыл.

Билим деңгээли: жогорку (медициналык администрация боюнча адис дипломунун же бакалавр даражасынын болушу).

Окуу мөөнөтү 1 жыл: 2026-жылдын октябрь айынан 2027-жылдын сентябрь айына чейин

Бул стипендиялык программага катышуу үчүн көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген талапкерлерди сунуштоону өтүнөбүз.

Талапкерлердин бардык документтери (арыз формасы, медициналык форма, сунуштама каттар, эссе ж.б.) англис тилинде толтурулуп, Агенттикке (Чүй проспектиси 122, 3-кабат, 309-кабинет) 2025-жылдын 12-сентябры күнү саат 17:00дөн кечиктирилбестен тапшырылышы керек (12:30-13:30 — түшкү тыныгуу).

Программа боюнча суроолор болсо, 66-01-51 телефону аркылуу (Камалидин) кайрылыңыздар.

 

Арыз формалары:

«School of Government»

Guideline
Application guidelines (GRIPS)
Application Form (GRIPS)

Outline of YLP
Recommendation Form

Essay Questions(GRIPS)

Certificate of health

 

«Healthcare Administration»

Guideline
Application guidelines (NAGOYA)
Application Form (NAGOYA)

Outline of YLP
Recommendation Form

Certificate of health

 

Курстар тууралуу толук маалыматты төмөнкү веб-сайттардан да алса болот.

  • «School of Government» (Мамлекеттик башкаруу мектеби):

Улуттук саясий изилдөөлөр институту (GRIPS)

https://www.grips.ac.jp/en/education/inter_programs/leader/

  • «Healthcare Administration» (Медициналык башкармалыгы)

Нагой университети, Жогорку медициналык мектеби

https://www.med.nagoya-u.ac.jp/medical_E/laboratory/basic-med/social-science/ylp/