Жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруу
Агенттиктин демилгеси менен Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 20 жылдыгына карата жана айыл өкмөттөрүнө дем берүү максатында өткөрүлгөн “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик сынагынын 2022-жылдын жыйынтыгы менен 2-орунду ээлеген Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн базасында “Жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруу боюнча” деген темада облустук семинар өткөрүлдү.
Аталган семинарга Агенттиктин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппараты, Ош облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Семинардын максаты: айыл аймактагы мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жана жеринде таанышуу. Ошондой эле семинарда муниципалдык ишкана түзүү жана Аялдардын лидерлигин колдоо үчүн 2030-жылга чейинки Мамлекеттик программа боюнча окутуулар өткөрүлдү.