Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө региондук кадрлар резервине, ошондой эле, республикалык, облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө муниципалдык кадрлар резервине кабыл алуу үчүн конкурс жарыялайт

Конкурс үч этапта өткөрүлөт:

  • Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин изилдөө.
  • Экинчи этап– компьютердик тестирлөө МРК(тертирлөө үчүн УЧА тизмеси).
  • Экинчи этап– компьютердик тестирлөө РРК(тертирлөө үчүн УЧА тизмеси).
  • Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар түз аңгемелешүү этабына киргизилет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 7 жылдан кем эмес иш стажы.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

– жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

— жогорку билим;

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 7 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес иш стажы.

Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
 5 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.

Облустук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетекчилик тажрыйбасы 7 жылдан кем эмес иш стажы.

Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна

квалификациялык талаптар

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– жеке арыз МРК тиркемеге ылайык;

– жеке арыз РРК тиркемеге ылайык;

– сүрөтү менен резюме тиркемеге ылайык;

– негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтердин (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөлөрү;

– нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин (нотариус тарабынан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсү;

– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтер 2024-жылдын 26-июлунан 30-июлуна чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

ЖМА башчысы — акиминин, анын орун басарларынын, ошондой эле, республикалык, облусттук, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат орундары үчүн милдеттүү түрдө, документтер көктөмөгө (документтер үчүн тикме папка) тиркелип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине берилүүгө тийиш. Дареги боюнча: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 3-кабат,. 304-каб. (Панфилов көчөсүнөн кире бериш). Тел. 660149, 620412.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын документтери кайтарылып берилбейт.