Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери психологикалык тестирлөөдөн өтүшүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун тапшырмасы боюнча, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлүүдө.

Аталган окутуулар учурунда катышуучулар жетекчилердин психологиялык өзгөчөлүктөрүн жана кесиптик сапаттарын аныктоо боюнча психологиялык тестирлөөдөн өтүшөт.

Алгачкылардан болуп Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары (акимдер), облусттук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлери тестирлөөдөн өтүшкөн.

Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Чүй облусунун айыл өкмөт башчылары психологиялык тестирлөөдөн өтүштү.

Белгилей кетсек, Агенттик тарабынан жогорудагы аталган окутуу боюнча иштер уланууда. Жакынкы арада мамлекетибиздин калган 6 облустундагы айыл өкмөт башчылары квалификациясын жогорулатуу курстарын жана психологикалык тестирлөөдөн өтүшөт.