14-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Р.М. Алыкуловдун жетекчилигинин астында мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Ошол эле күнү а Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Р.М. Алыкуловдун жетекчилигинин астында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын https://etp.okmot.kg/msu сайтында аукциондорду өткөрүү жана «Электрондук соода аянтчасы» маалыматтык системасына техникалык колдоо көрсөтүү боюнча жыйын болду.

Агенттиктин атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасы «Электрондук соода аянтчасы» маалыматтык системасын техникалык тейлөөнү акысыз негизде жүргүзүү жөнүндө мөөнөтсүз келишим түзүүнүн жол-жоболорун карап чыгуу жонүндө (чыг.№01-24/625) кат жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары  А.О. Кожошевдин тапшырмасына ылайык, укуктук документтери жок жерлер, имараттар жана бош жаткан жерлер боюнча маалыматтар топтолуп анализдер жүргүзүлүп жатат.Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн Нарматов көчөсүндө жайгашкан «Алымбек Датка» эс алуу жайынын аймагында Ж.Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицейинин балансында турган 5-01-0002-0135 коду менен катталган суу кампасын Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча маселеси каралды.

2022-жылдын 29-апрелинде чыг.№01-25/115 кат Гүлчө айыл өкмөтүнө жөнөтүлгөн. Айыл өкмөт тарабынан «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» КР Мыйзамынын 6-беренеси боюнча тиешелүү документтери даярдалып бүтүп, токтом долбоору даярдалып жатат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин институционалдык өнүктүрүү планын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү боюнча тегерек столуна Агенттиктин атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкери катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоорун презентация болуп өттү .