Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунга төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим:  экономика жана башкаруу, айыл чарбасы, гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство, табият таануу илимдери, автоматташтыруу жана башкаруу(социалдык тармакка)

— тийиштүү багыттагы жогорку билим: экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык, айыл чарбасы, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология, материал таануу, металлургия жана машина куруу, архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, энергетика жана электроэнергетика, транспорттук техника жана технология, химиялык технология жана биотехнология  (экономикалык тармакка)

Төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын   «Дене тарбия жана спорт жөнүндө», «Мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча»,  “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”  Мыйзамдарын билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү (социалдык тармакка)

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”,  “Туризм жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү (Экономикалык тармакка)

-иш стажы талап кылынбайт;

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

Конкурска катышуу жөнүндө жеке арызы; кадрларды эсепке алуу баракчасы; фото сүрөт; паспортунун көчүрмөсү; соттолбогондугу тууралуу маалымдама; билими жөнүндө дипломдун, эмгек китепчесинин, билимин, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража жана илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Жетектөөчү адистин негизги функционалдык милдеттери менен райондук мамлекеттик администрациясынан таанышып кетсе болот.

Талапкерлердин документтери 2023-жылдын 14-сентябрынан тартып 10 (он) календардык күн ичинде (акыркы күнү саат 17-00го чейин) райондук мамлекеттик администрациясында, дареги Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү  № 95 имаратында кабыл алынат. Байланыш телефондору: (03946)51551; (03946)51267