ЖОБО

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы
№ 258 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252, 2023-жылдын 6-июлундагы N 339 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

  1. Жалпы жоболор
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары — Агенттик) мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
  3. Агенттик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функциялар боюнча) укук улантуучусу болуп саналат.
  4. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
  5. Агенттик юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
  6. Агенттиктин толук аталышы:

— мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик»;

— расмий тилде: «Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики».

Агенттиктин кыскартылган аталышы:

— мамлекеттик тилде: «Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик»;

— расмий тилде: «Агентство по госслужбе и МСУ».

  1. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 122.
  2. Агенттиктин милдеттери
  3. Агенттиктин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү;

2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын (мындан ары — кызматчылар) укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;

3) мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү жана оптималдаштыруу;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана финансы-экономикалык негиздерин бекемдөөгө көмөктөшүү

  1. Агенттиктин функциялары
  2. Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Агенттик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

1) тармактык саясат чөйрөсүндө:

— мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди, анын ичинде аталган чөйрөлөрдү өнүктүрүү боюнча программалардын, концепциялардын жана башка стратегиялык документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмалары боюнча мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

— жергиликтүү бюджеттин каражаттарын, экономикалык жана башка ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү;

— жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, анын ичинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин талаптарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышынын абалын изилдөө;

— Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;

— мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен өз ара аракеттенүү;

— кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказды түзүү жана жайгаштыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү үчүн даярдоо, анын ишке ашырылышын координациялоо, окутуунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо;

— кызматчынын этика ченемдерин иштеп чыгуу жана этика боюнча комиссиялардын ишин изилдөө;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин долбоорун иштеп чыгуу;

— региондук резервдерди, муниципалдык резервди, мыйзамдар менен белгиленген башка кадрлар резервин (мындан ары — кадрлар резерви) түзүү жана иштөө механизмдерин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервин түзүүнүн бирдиктүү тартибин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

— кызмат орундарына типтүү квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды колдонуу маселелерин координациялоо;

— мамлекеттик каржылоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү түзүмдөрү жана штаттык санынын чеги боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;

— мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу жана эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу;

— саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык Агенттикке жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу;

2) колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө:

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүү үчүн талапкерлерди тестирлөөнү, анын ичинде мыйзамдарда белгиленген учурларда полиграфта тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү;

— муниципалдык аралык кызматташтык үчүн шарттарды түзүү;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүгө көмөктөшүү, алардын жергиликтүү жамааттардын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу;

— мыйзамдарда белгиленген учурларда мамлекеттик менчикти муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча иштерге катышуу;

— (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айыл аймактарынын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө статистикалык отчеттуулукту түзүү;

— кызматчыларды аралыктан окутуунун формасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

— мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасын өркүндөтүү;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү, «Санариптик аймак» автоматташтырылган системасы аркылуу мамлекеттик органдарга, башка юридикалык жана жеке жактарга маалыматтарды берүү;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын ишин санариптештирүүгө көмөк көрсөтүү жана санариптик технологияларды колдонууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;

— мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча улуттук жана эл аралык деңгээлдерде ар түрдүү уюмдар менен өз ара аракеттенүү;

— мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадр маселелерин чечүүдө ведомстволук веб-сайтка жана басылмага колдоо көрсөтүүнүн эсебинен маалыматтык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

— зарыл чараларды көрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматчылардын, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын кароо;

— мамлекеттик кадр саясаты, мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты өтөө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтунун иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык, методикалык жана маалыматтык жардам берүү;

3) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндө:

— белгиленген компетенциянын чегинде кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдарды сактоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү;

— мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн алардын ишине мониторинг, талдоо жана баалоо жүргүзүү;

— кызматчылардын жана кадрлар резервинде турган адамдардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо маселелерин координациялоо;

— кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо;

— жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырууга мониторинг жана талдоо жүргүзүү;

— мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына инвестициялоо программаларын жана долбоорлорун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү, бул максатта эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүү;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялар.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252, 2023-жылдын 6-июлундагы N 339 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

  1. Агенттиктин укуктары
  2. Агенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү укуктарга ээ:

— мамлекеттик кызматты, муниципалдык кызматты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизүү;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө документтерди иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын өкүлдөрүн тартуу;

— мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү;

— региондук резервдин, муниципалдык кадрлар резервинин жана башка кадрлар резервинин курамын мыйзамдарга ылайык түзүү;

— мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдарды сактоого мониторинг жүргүзүү;

— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын конкурстук жана аттестациялык комиссиялардын курамына катышуу;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды аттестациялоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизүү, аттестациялоо тартибин иштеп чыгуу;

— мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу жана байланыштарды өнүктүрүү;

— кызматчыларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык келишимдерди түзүү;

— кызматчыларды комплекстүү окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;

— мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан алардын карамагындагы маалыматтарды берилген ыйгарым укуктардын чегинде талап кылуу жана алуу;

— мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүү;

— мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана башка кызмат адамдарына сунуш киргизүү;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

  1. Агенттиктин ишин уюштуруу
  2. Агенттик жана анын аймактык бөлүмдөрү мамлекеттик кызмат, муниципалдык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча органдын бирдиктүү системасын түзөт.
  3. Агенттикти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
  4. Директор:

— жеке башчылык негизде Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

— Агенттиктин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына маалымат берет;

— анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарына жана сессияларына, комитеттер менен фракциялардын жыйналыштарына катышат;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат;

— Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларына катышат;

— директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуш киргизет;

— Агенттиктин кызматчыларын жана кызматкерлерин, Агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматчыларын кызмат орундарына дайындайт, ротациялайт, кызмат орундарынан бошотот, сыйлайт жана тартиптик жаза колдонот;

— Агенттиктин кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;

— саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;

— .өзүнүн орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

— өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, тескемелерди жана башка актыларды чыгарат;

— борбордук аппараттын, аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет. Мында директорду дайындоо Агенттиктин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;

— Агенттиктин борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын эмгек акы фондунун жана мыйзам менен белгиленген штаттык санынын чегинде бекитет;

— Агенттиктин борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

— Агенттиктин эмгек акы фондун башкарат;

— Агенттиктин иш планын жана регламентин бекитет;

— кызматчыларды жана башка адамдарды белгиленген тартипте «Мамлекеттик кызматтын отличниги», «Муниципалдык кызматтын отличниги» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги» төш белгилери жана башка ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;

— Агенттиктин кызматчыларын мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;

— сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык ведомстволор аралык келишимдерди түзөт;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июлундагы N 339 токтомунун редакциясына ылайык)

  1. Директордун орун басарлары болот, алар Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, алар түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн демилгеси боюнча Агенттиктин директорунун орун басарын кызмат ордунан бошотууга укуктуу.

  1. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, Агенттиктин директору жок учурда, орун басарларынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша, анын функцияларын директордун орун басарларынын бири аткарат.
  2. Корутунду жоболор
  3. Ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон тийиштүү мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда Агенттикке бекитилип берилет.
  4. Агенттиктин жана анын бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
  5. Агенттик республикалык бюджеттен жана тыюу салынбаган башка булактардан түшкөн финансы каражаттарынын эсебин жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык, финансылык жана башка отчетторду тапшырат.
  6. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
  7. Агенттиктин документтери «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.