Кадамжай райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим: гуманитардык илимдер,социалдык илимдер,экономика жана башкаруу,педагогикалык билим берүү,табигый илимдер,техникалык илимдер.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1-жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдын кем эмес.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим: гуманитардык илимдер,социалдык илимдер,экономика жана башкаруу,педагогикалык билим берүү,табигый илимдер,техникалык илимдер.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талаптар коюлбайт;
3.Резервге кирүү үчүн тестке катышууга төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
-Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын электрондук почтаны көрсөтүү менен (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
-Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;
-Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди гезит жарыкка чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде Кадамжай райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшыруу керек.
Дарек: Кадамжай шаары, А.Жалилов көчөсү , № 25. Телефондор (03655) 50426, 0777155644