Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна жалпы квалификациялык талаптар: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө”Мыйзамы; 9 .Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укутары жана кепилдиктери жөнүндө”Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлө кодекси” Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1.Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер,социалдык илимдер,экономика жана башкаруу,педагогикалык билим берүү,табигый илимдер,техникалык илимдер. 2.Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1-жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдын кем эмес. 3.Резервге кирүү үчүн тестке катышууга төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: -Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн; -Паспортунун же өздүгүн күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү; -Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт). Документтерди сайтка жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде Кадамжай райондук эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшыруу керек. Дарек: Кадамжай шаары, А.Жалилов көчөсү , № 25. Телефондор (03655) 50426 Сурап билүү үчүн байланыш номер: 0220010697 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы